Балдар бат чоңоюшат эмеспи! Балдар аманаты – балдарыңызга турак жай алууну азыр баштоого эң сонун мүмкүнчүлүк!
Бул аманаттын түрү балаңызга турак жай алуу максатында акча каражатын топтоо мүмкүнчүлүгүн берет. Сиздин балаңыз 21 жашка чыкканда, турак жайга керектүү сумманын жарымын же андан аз сумманы алып арзан ипотека аркылуу үйлүү боло алат. Же өзүңүз турак жай кредитин алып, балаңыздын 18 жашына үй белекке бере аласыз!
«Куттуу келечек» турак жай-сактык кредиттик продуктусунун негизги шарттары:
- Баштапкы төлөмдүн минималдуу суммасы: 3000 сом
- Ай сайын топтоо төлөмүнүн минималдуу суммасы: 3000 сом
- Минималдуу топтоо мөөнөтү 60 ай
- Кредиттин максималдуу мөөнөтү жана пайыздык чени аманаттын мөөнөтүнө жараша болот:
Аманаттын мөөнөтү | 5 жыл | 6 жыл | 7 жыл | 8 жыл | 9 жыл | 10 жыл |
Аманаттын пайыздык чени | 3% | 3% | 3% | 3% | 3% | 3% |
Кредиттин максималдуу мөөнөтү | 10 жыл | 12 жыл | 15 жыл | 16 жыл | 18 жыл | 20 жыл |
Кредиттин пайыздык чени | 8% | 7,5% | 7% | 7% | 6% | 6% |
«Куттуу келечек» балдар аманатын жашы 18ге жете элек балдар үчүн ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлдөр аркылуу ачууга төмөндөгү документтер керек болот:
- Атасынын же энесинин паспорту, же мыйзамдуу өкүлдүн паспорту;
- Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- Аманат ачууга анкета-билдирме («Ак-Босогонун» бекитилген формасы).
Мектептин 1-классына барган балаңызга аманат ачыңыз!
Эгер аманатыңызды айына 12000 сомдон толуктап турсаңыз, 11 жыл окуу мезгилинде топтолгон акачыңыздын суммасы:

1 584 000 сом – ай сайын толуктап чогулган суммаңыз

Сиздин топтоо суммаларыңызга 3% жылдык чен менен кошулган сый акы суммасы ≈ 259 732 сом

Топтолгон суммаңыздын бардыгы
≈ 1 843 732 сом
Сиз ≈ 1 843 732 сом суммасында турак жай кредитин алып
балаңызга же кызыңызга ≈ 3 687 464 сомго үй алып берсеңиз болот.
Ошондо турак жай кредитинин ай сайын төлөнүүчү суммасы ≈ 13 200 сомду түзөт.