Чалууга өтүнүч

    Төмөнкү маалыматтарды толтуруңуз, өзүбүз чалып, суроолоруңузга жооп беребиз

    Please prove you are human by selecting the Heart.

    «Ак-Босого» турак жай сактык – кредиттик компаниясы 8 же андан арзан жылдык пайыздык чен менен турак жай насыясын алуунун өзгөчө жолун сунуштайт!

    Кантип алса болот?

    1. «Ак-Босого» турак жай сактык кредиттик компаниясынан турак жай сактык аманатын ачыңыз
    2. Болгону үч шарт аткарыңыз:
    • Турак жай сактык аманатыңызды үч жылдан кем эмес убакыт топтоңуз;
    • Сизге керектүү сумманын жарымын (50%) топтоңуз;
    • Баалоо көрсөткүчүнүн минималдык деңгээлине жетиңиз.

    Жогорудагы шарттар аткарылганда, 8% же андан арзан пайыздык чен менен турак жай насыясын аласыз.

    «Ак-Босого» турак жай сактык-кредиттик компаниясы Сиздин топтоо суммаларыңызга 3% жылдык чен менен сый акы суммасын кошуп турат. 

    Бизден алган кредитке өлкөбүздүн каалаган жеринен турак жай сатып же салып алсаңыз болот, же жашап жаткан үйүңүздүн оңдоо иштерине жумшасаңыз болот.

    «Жайлуу конуш» турак жай-сактык кредиттик продуктусунун негизги шарттары:

    • Баштапкы төлөмдүн минималдуу суммасы: 3000 сом
    • Ай сайын топтоо төлөмүнүн минималдуу суммасы: 3000 сом
    • Минималдуу топтоо мөөнөтү 36 ай
    • Кредиттин максималдуу мөөнөтү жана пайыздык чени аманаттын мөөнөтүнө жараша болот:
    Аманаттын мөөнөтү3 жыл
    4 жыл
    5 жыл
    6 жыл
    7 жыл
    Аманаттын пайыздык чени3%3%3%3%3%
    Кредиттин максималдуу мөөнөтү7 жыл
    8 жыл
    10 жыл
    12 жыл
    15 жыл
    Кредиттин пайыздык чени8%8%8%7,5%7%